| Кара тору обондорум
|
| Угармандар көтөрүп колдорун
|
| Эркин баратам өз жолумда
|
| Микрофонум өз колумда
|
| Заманбаптын акындары жанымда
|
| Бирге чогу жүрөктөрү жалындап
|
| Ийне менен кудуктарды казабыз
|
| Текшерип көр ГНДдан тазабыз
|
| Ичем күндө кыргыз кымыз, чалабын
|
| Чыйырчыктан ала келет, чаламын
|
| Каалагадай жаша менин талабым
|
| Мен ушундай жөп-жөнөкөй баламын
|
| Башка улут алты нольго алдашып
|
| Алып кетем десе мени жалдашып
|
| Көрсөтөмун чечип туруп жамбашым
|
| Жерге жатсам да мен Кыргызстанда каламын
|
| Ишенип кой мага, айткан сөздөргө
|
| Бөлөк өзгөрсө да, Кыргыз өзгөрбө!
|
| Тарбияны карма, жана билимди
|
| Бек сактагын ата-салтты диниңди
|
| Азыр заман жамандыгы билинди
|
| Каршы сөзгө келтирбегин жиниңди
|
| Айткан сөздөн кайтпайм, эми кайтпайт балдарым
|
| Керек болсо кесип алгын ачуу тилимди
|
| Мен баарыбир айтам
|
| Чындык сөздөрүмдү
|
| Мен баарыбир ачам
|
| Жабык көздөрүндү
|
| Досум билип алгын!
|
| Жашоо өзгөрүлдү
|
| Досум билип алгын
|
| Жашоо өзгөрүлдү
|
| Кара-кара-каратору
|
| Менин обондорум
|
| Жазган создор, билем сенин оюндун борбору
|
| Берем сага даарыларды
|
| Калсан ырлар менен ооруп
|
| Өтөбүз бирге өмүрдү
|
| Сүрөбүз биз рэптин доорун
|
| Жанымда досторум, жалын журөк отторум
|
| Тапанчам октолуу, досторун жоктогун
|
| Азыр акчанын артынан кетти канчасы жок болуп тагдырын өз колуңда
|
| Эн башкысы ток болгун
|
| Ачкадан олбойун дейт жолдо сурамчы жок колу,
|
| А сен жигит токтобостон дайым жанып шок болгун
|
| Күйүп тур чек арада турган жигиттей от болуп
|
| Кыргыз деген атын менен шок болбосон жок болгун
|
| Бөлөк элге кетти алтын, тоо тиреген мөңгүлөр
|
| Ойдодогу айта албайбы жөн эле жөнгүлө деп
|
| Же болбосо оозун басып сом тыкты көнгүлө деп
|
| Мен бир кана акты карадан дайым бөлгүлө дейм
|
| Башка элге кыргыздарым бакыт издеп баратат
|
| Бизден тапса болбой экен деген ойду жаратам
|
| Башканын короосун тазалап, канча кыз, азамат
|
| Эмне үчүн жаратканым кыргызымды жазалайт
|
| Кара тору, обондорум
|
| Угармандар көтөрүп колдорун
|
| Эркин баратам өз жолумда
|
| Микрофонум өз колумда |